Akchabarsearch
Талас мэриясы түнкүсүн ичимдик сатууга тыюу салууну сунуштап жатат

Жарыяланган

2026-21-08, 14:24

Талас мэриясы түнкүсүн ичимдик сатууга тыюу салууну сунуштап жатат

Талас шаарынын мэриясы түнкүсүн калаада спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салууну сунуштап жатат. 

Калаа бийлигинин сунушуна ылайык, шаарда түнкү саат 22:00дон эртең мененки саат 07:00го чейин ичимдик сатууга тыюу салынат. 

"Талас шаарында коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун, жол кырсыктарын жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында алкоголдук ичимдиктерди сатуу убактысына чектөө киргизүү сунушталууда", - деп билдирет мэрия.   

Мэрия ичимдикти түнкүсүн сатууну токтотуу тууралуу чечим калаа тургундарынын пикирин эске алуу менен кабыл алынарын белгиледи.  


Тектеш материалды окуу