Бишкек шаарында бир катар көчөлөрдө жана жол тилкелеринде оңдоо иштери аяктап, колдонууга берилди.
Мэриянын маалыматы боюнча, азыркы тапта шаар боюнча жалпы 136 жол жана тротуар салынып, оңдолуп жатат. Анын ичинен 68и толук жасалып бүттү.
20-августта шаарда бир катар көчө жана жол тилке оңдоо иштеринин кийин колдонууга берилген:
- Краснодар көчөсүнүн Барпы Алыкуловдон Тираспол көчөсүнө чейинки узундугу 510 метр болгон бөлүгү;
- Шабдан Баатыр көчөсүнө (мурдагы Лев Толстой көчөсү) туташкан Лущихин көчөсүнүн 600 метрлик бөлүгү;
- Өмүр көчөсүнөн Эгиналиев көчөсүнө чейинки узундугу 600 метр болгон Ак-Шоокум көчөсү;
- Чыңгыз Айтматовдон Садырбаев көчөсүнө чейинки узундугу 1 200 метр болгон Семетей көчөсү;
- Аалы Токомбаевдин Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн 12-кичи райондогу «Айша» мечитине чейинки узундугу 3 200 метр болгон тротуары;
- 5-кичи райондогу Миррахимов көчөсүнөн №28, 29, 30 жана 30а үйлөрдүн боюн бойлой өткөн, узундугу 350 метр болгон жол;
- Абай көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки узундугу 600 метр болгон Скрябин көчөсү;
- Жибек Жолунан Салиева көчөсүнө чейинки,узундугу 450 метр болгон Осмонкул көчөсүнүн бөлүгү.