
Жарыяланган
2026-21-08, 11:582026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандан чет жакка 387.7 миң литр сыра экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Чет жакка сатылган сыранын наркы 20.2 млн сомдон ашкан.
Кыргызстандан сыра Казакстан (227.2 миң литр), Кытай (124.8 миң литр) жана Россияга (35.6 миң литр) экспорттолгон.
2025-жылдын январь-май айларына караганада быйылкысында сыранын экспорту 3 эсе же 814.7 миң литрге азайган. Былтыр беш айда сыртка 1.2 млн литрден ашык сыра экспорттолгон.



