
Жарыяланган
2026-23-02, 10:31“Кумтөр” 2025-жылдын 10 айында Петров көлүндөгү сууну колдонгону үчүн бюджетке 203 млн сомдон ашык акча которду.
Компания былтыр 1-январдан 31-октябрга чейин өндүрүш иштери үчүн Петров көлүнөн 2.03 млн куб метр суу алган. Ишкана аталган көлдөгү сууну азыраак колдонуу үчүн карьердеги сууну алуу боюнча долбоорду ишке ашырып жатканын белгилейт.
Маалым болгондой, 2021-жылдын май айына чейин кенди канадалык тарап иштетип жатканда, алар көлдүн суусун колдонгону үчүн акча төлөчү эмес.



