Akchabarsearch
Лебединовкада пенопласт чыгарган ишкананын иши токтотулду

Жарыяланган

2025-11-12, 11:44

Лебединовкада пенопласт чыгарган ишкананын иши токтотулду

Бишкектин Лебединовка айылындагы пенопласт чыгарган ишкананын иши экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн токтотулду. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди. 

Министрлик белгилегендей, буга чейин “Фейсбукка” морунан кара түтүн чыгап жаткан ишкана тууралуу видео чыккан. Ага байланыштуу алардын жана Муниципалдык инспекциянын кызматерлери жерине текшерүү менен барган. 

Морунан кара түтүн чыккан жер Лебединовка айылындагы пенопласт чыгарган «Барс Аю» ишканасы экени такталган. Ишкана моруна чыпка орнотпогону аныкталган. Мындан улам ага 28 миң сом айып салынып, чыпка орнотконго чейин анын иши токтотулду.


Тектеш материалды окуу