
Жарыяланган
2026-13-04, 14:15Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылында өрүк майын чыгарган цех иштөөдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Цехти жеке ишкер Гулайым Добутова ачкан. Ал жерде курма кургатылып, өрүк как даярдалат. Ошондой эле өрүктүн данектеринен май өндүрүлөт.
Даяр болгон продукция Кыргызстандын бардык аймагына таркатылууда.
Бул ишти өнүктүрүү максатында донорлор тарабынан 2 млн сом, райондук Өнүктүрүү фондунан 300 миң сом бөлүнгөн.
Учурда ишкер өндүрүштү кеңейтүү жана продукциянын көлөмүн көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.



