
Жарыяланган
2025-30-12, 13:13Жалал-Абадда лицензиясы жок акча алмаштыруу ишмердигин жүргүзгөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Т.Н. аттуу жаранга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ал Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн.



