
Жарыяланган
2026-04-03, 15:45Бүгүн, 4-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн коллегиялык жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө министрликтин жетишкендиктери, эл аралык кызматташуулар жана аткарылган долбоорлор тууралуу баяндамалар жасалды. Адылбек Касымалиев курулуш тармагы туруктуу өсүп, экономика үчүн негизги кыймылдаткычтардын бири экенин белгиледи.
“2025-жылы курулуш тармагындагы ички дүң продукция 2019-жылдагы 58,5 млрд сомго салыштырмалуу 438,5 млрд сомду түздү. Тармак алты жылда сегиз эсеге өстү,” — деди Касымалиев.
Ошондой эле, 2021-жылдан бери тармакка 170 млрд сомдон ашык инвестиция тартылып, 936 социалдык объектинин курулушу бүткөрүлдү. Социалдык инфраструктурага капиталдык салымдар 2021-жылдагы 2,7 млрд сомдон 2025-жылы 13,2 млрд сомго жетти.
Жыйындын соңунда Касымалиев министрликке “жакшы” деген баа берип, реформаларды улантуу, курулуш сапатын жогорулатуу жана милдеттерди өз убагында аткаруу боюнча тапшырмаларды берди.



