
Жарыяланган
2026-23-03, 14:38Өлкөдө жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын алдын алуу максатында ветеринардык-санитардык көзөмөл чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, көзөмөл иштери эл аралык талаптарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүп, кооптуу аймактардан жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды алып кирүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.
Адистердин белгилешинче, бул чаралар эпизоотиялык туруктуулукту сактоого, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана калктын саламаттыгын коргоого багытталган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандарды ветеринардык-санитардык талаптарды так сактоого чакырат.



