
Жарыяланган
2026-19-03, 09:26Таласта ветеринардык башкармалыгына таандык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 1996-жылы Талас райондук ветеринардык башкармалыгына таандык болгон аянты 0,34 гектар жер тилкеси жана кампа курулмалары мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы наркы 16 млн 948 миң 600 сомду түзгөн 0,34 гектар жер тилкеси жана кампа курулмалары мамлекетке кайтарылды.



