Akchabarsearch
    "Мадина" базарында өзгөчө салык режимине өтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

    Жарыяланган

    2025-05-08, 12:18

    "Мадина" базарында өзгөчө салык режимине өтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

    "Мадина" базарында өзгөчө салык режимине өтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. 

    Иш-чаранын жүрүшүндө Салык кызматынын адистери ишкерлерге өзгөчө салык режиминин шарттарында иштөөнүн негизги өзгөчөлүктөрү, салык төлөөчүлөрдүн укуктары жана милдеттери, ошондой эле салык мыйзамдарынын жаңы жоболорун колдонуу тартиби жөнүндө маалымат беришти.

    “Мындан сырткары, салык кызматкерлери соода катарларын кыдырып, ишкерлердин пикирлерин, суроолорун жана сунуштарын угушту. Мындай формат салык төлөөчүлөр менен түз диалог түзүүгө, алардын пикирин эске алууга жана салык салуунун өзгөчө режимине өтүүдө ыңгайлуу шарттарды камсыздоого мүмкүндүк берди”, - деп айтылат маалыматта. 


    Тектеш материалды окуу