
Жарыяланган
2026-22-04, 11:08Май айындагы майрамдык күндөрдө «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборлору кадкимки тартипте иштейт. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Калкты тейлөө борборлору 1-майдан 10-майга чейин, майрам жана дем алыш күндөрү, 09:00дон 18:00го чейин иштейт.
Белгилей кетсек, мыйзам боюнча Кыргызстанда 1-майдан 9-майга чейин эс алуу күндөрү болуп саналат. Быйыл 10-май базар күнгө туш келет. Мындан улам жарандар 10 күн катар эс ала алышат.



