Akchabarsearch
Майдагы эс алуу күндөрү Нарын менен Ысык-Көлгө каттаган кичи автобустардын саны көбөйтүлөт

Жарыяланган

2026-29-04, 14:59

Майдагы эс алуу күндөрү Нарын менен Ысык-Көлгө каттаган кичи автобустардын саны көбөйтүлөт

Май айындагы эс алуу күндөрүнө карата 30-апрелден тарта Бишкек унаа бекетинен Ысык-Көл жана Нарынга каттаган унаалардын саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, азыр каттамга 100гө чукул унаа чыкса, майрам күндөрү алардын саны 2 эсе көбөйтүлөт. 

Аталган бекет күн сайын эртең мененки саат 07:00дөн кечки 23:30га чейин иштейт.

Эртең менен саат 07:00дөн 19:00гө чейин Нарын менен Ысык-Көлгө кичи автобустар каттайт. Ал эми кечки саат 21:00дөн 23:30га чейин чоң автобустардын каттамы уюштурулуп, Ысык-Көл облусуна – 5, Нарын облусуна – 1 автобус каттайт.

Ошондой эле Алматы, Тюмень, Кашгар жана Артуш эл аралык каттамдары кадимки тартипте иштейт. 

Мындан тышкары, Ак-Кула унаа бекетинен Талас облусуна жана Ташкент менен Жизакка эл аралык чоң автобустар каттайт. 

Ошондой эле күндүн жылышы менен сезондук каттамдар да каралат: 15-майдан 15-октябрга чейин Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына кичи автобустардын каттамдары уюштурулат. 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1нен 9-майга чейин эс алуу күндөрү болуп саналат.


Тектеш материалды окуу