
Жарыяланган
2026-15-09, 15:04Кыргызстанда азыр 7 казино иштеп жатат, ага бир да кыргыз жараны киргизилген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.
Анын айтымында, аталган казинолордун алтоо Бишкекте, бирөө Ош шаарында иштейт. Ал казинолордо идентификациялык система тургандыктан, кыргыз жарандарында аларга киргенге мүмкүнчүлүгү жок.
Маматов билдиргендей, кыргыз жарандарын кумарканаларга киргизген казино ээлери лицензиясынан ажыратыла тургандыктан, алар 1 млн долларга алган лицензиясынан кол жууп калуудан коркуп, кыргыз жарандарын киргизбейт.
Кайрат Маматов алардын мекемеси ИИМ менен бирге казинолордо рейд уюштуруп турарын билдирди.



