Akchabarsearch
Манас шаарынан Багыш айылына чейин 12.5 чакырым жаңы унаа жолу салынууда

Жарыяланган

2026-11-06, 11:48

Манас шаарынан Багыш айылына чейин 12.5 чакырым жаңы унаа жолу салынууда

Манас шаарынан Багыш айылына чейин жаңы унаа жолу салынууда. Учурда асфальт басууга даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Жаңы унаа жол мурдагы эски темир жолдун ордуна салынууда. Узундугу – 12.5 чакырымды түзүп, 4-6 тилкелүү болот. 

Тактап айтканда, эски темир жолдун конструкциялары толугу менен демонтаждалып, аймактан чыгарылды. Жер казуу иштери жыйынтыкталып, учурда жолдун негизин тегиздөө жана шагыл төшөө процесси жүрүп жатат.  

Курулуш объектисинде 60 жумушчу жана 53 даана атайын техникалар тынымсыз иштеп жатат.

 


Тектеш материалды окуу