Akchabarsearch
Мэрия: Бишкекте 100гө жакын автоунаа жолу оңдолуп жатат

Жарыяланган

2026-06-08, 11:24

Мэрия: Бишкекте 100гө жакын автоунаа жолу оңдолуп жатат

Бишкек шаарында 99 автоунаа жолдору жана 21 тротуар оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Анын ичинен 43 автоунаа жолу, 13 тротуар боюнча иштер аяктады. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Бишкектин Ленин районунда 20 көчөдө иштер башталып, беш объект толук бүткөрүлдү. Октябрь районунда 15 көчөдө оңдоо иштери жүрүп, жети объект пайдаланууга берилди. Биринчи май районунда 20 көчөнүн 13дө иштер аяктады.

Свердлов районунда 22 көчөдө оңдоо иштери башталып, 16 объектте иштер толугу менен бүткөрүлдү.

Мэрия бул иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, борбор калаанын тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын кошумчалады.
 


Тектеш материалды окуу