
Жарыяланган
2026-04-02, 12:07Манас шаарында Көк-Арт дарыясын бойлой жаңы жол салынууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Аталган жол шаарга кирген негизги жолдордогу унаа тыгындарын алдын алуу үчүн курулууда. Жаңы жол Бишкек – Ош жолу менен Манас – Благовещенка жолдорун бириктирет.
Жолдун узундугу 9 чакырымды, туурасы 8 метрди түзөт.



