
Жарыяланган
2026-27-07, 12:58АКШдагы тууганыңызга, Европадагы өнөктөшүңүзгө же Түштүк Кореядагы контрагентиңизге акча жөнөтүшүңүз керекпи? Буга чейин мындай учурда картага которуу менен SWIFT которуусунун бирин тандоого туура келчү, ал эми юридикалык жактар менен эсептешүү үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр дээрлик жок болчу. Эми MBANK колдонмосунда Visa Direct Account аркылуу банк эсебинин номуру боюнча акча которуунун жаңы ыкмасы жеткиликтүү болду.
Которуу АКШ, Улуу Британия жана Түштүк Корея үчүн АКШ долларында, ал эми SEPA өлкөлөрү үчүн евро валютасында жүргүзүлөт. Ошол эле учурда алуучу каражатты өз өлкөсүнүн жергиликтүү валютасында алат.
Каражатты MBANK'тагы каалаган эсептен — сом, АКШ доллары, евро же рубль эсебинен жөнөтүүгө болот. Жөнөтүү валютасына конвертация банктык курс боюнча автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
Операцияны ырастоодон мурун колдонмодо бардык маалыматтар көрсөтүлөт: эсептен алынуучу сумма, комиссия, конвертация курсу жана алуучуга түшө турган акыркы сумма.
Которуу комиссиясы — сумманын 1%, минимум 3 АКШ доллары же 3 евро.
MBANK — биринчи санарип. Кыргызстанда түзүлгөн!
КР УБнын №014 лицензиясы.



