
Жарыяланган
2026-24-07, 10:54MBusiness банктын ички системаларын өркүндөтүп, жаңы техникалык негизге өтөт. Бул жаңыртуу MBusiness’ке тиешелүү болот. Иштер пландуу жана ырааттуу түрдө, 31-июлдан 3-августка чейин жүргүзүлөт. Биз ар бир этапты көзөмөлдөйбүз, ошондуктан жаңыртуудан кийин бардык сервистер туруктуу жана адаттагыдай режимде иштейт.
Көңүл буруңуз: 1-августтан 3-августка чейин Кыргызстан боюнча банктын бардык кеңселери график боюнча иштейт.
MBusiness
31-июлдан баштап MBusiness колдонмосуна жана веб-версиясына кирүү техникалык жаңыртуу мезгилинде жеткиликсиз болот.
31-июлдун саат 16:00гө чейин төмөнкүлөрдү жасап алууну сунуштайбыз:
• Маанилүү төлөмдөрдү, контрагенттерге которууларды жана кызматкерлерге эмгек акы төлөөлөрдү жүргүзүү;
• Салыктарды төлөө;
• Ушул күндөрү керек болушу мүмкүн болгон көчүрмөлөрдү же реквизиттерди сактап коюу;
• MBusiness колдонуучуларын сервистин убактылуу жеткиликсиз болушу тууралуу эскертүү;
• Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн колдонмодон статикалык QR-кодду басып чыгаруу;
• SWIFT боюнча которууларды тариздөө (саат 13:00гө чейин);
• Кредиттерди төлөө (саат 11:00гө чейин).
Маанилүү: эгерде сиздин пландуу төлөмүңүздүн күнү 1–4-августка туура келсе, аны мурдараак – 31-июлга чейин төлөй аласыз. Эгерде бул ыңгайсыз болсо, кабатырланбаңыз – техникалык жаңыртуу аяктагандан кийин, 5-августтун саат 16:00гө чейин төлөм жасаңыз. Бул учурда кредиттик тарыхыңызга зыян тийбейт жана пеня эсептелбейт.
MKassa
POS-терминалдар жана QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу адаттагыдай режимде иштейт. MKassa колдонмосу жана веб-версиясы да иштей берет: сиз транзакциялардын тарыхын реалдуу убакытта карап тура аласыз.
31-июлдан баштап төмөнкүлөр жеткиликсиз болот:
• Каражаттарды эсептерге чыгаруу;
• Толук көчүрмөнү (выписка) жүктөп алуу;
• Жеткиликтүү суммаңызды көрүү.
Техникалык жаңыртуу аяктагандан кийин MBusiness’тин иши толугу менен калыбына келтирилет. Бардык сервистер кайрадан адаттагыдай режимде жеткиликтүү болот.
Ишенимиңиз үчүн рахмат!



