Akchabarsearch
MEGA компаниясы 20 жылдык мааракесине карата бардык абоненттери үчүн 880 кодун ачып жатат

Жарыяланган

2026-29-04, 14:37

MEGA компаниясы 20 жылдык мааракесине карата бардык абоненттери үчүн 880 кодун ачып жатат

MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору абоненттик мүмкүнчүлүктөрдү тынымсыз кеңейтип жана кызматтарын ого бетер ыңгайлуу кылуу менен 20 жылдык мааракесин белгилөөнү улантууда. Мааракелик демилгелердин алкагында компания 880 жаңы кодунун ачылганын жарыялайт, бул дагы көбүрөөк колдонуучуларга ишенимдүү байланыш менен үнөмдүү тарифтерди колдонуп, сыноодон өткөргөнгө мүмкүнчүлүк берет.

Жаңы код жагымдуу жана эсте каларлык номерлерди тандоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. 880 коду менен башталган сандардын ийгиликтүү айкалышы ээсинин индивидуалдуулугун баса белгилеп, номерди чындап уникалдуу кылат.

Сиз эсте сакталуучу даталарга, туулган жылыңызга, сүйүктүү номерлериңизге негизделген номерди тандай аласыз же ал тургай учурдагы номериңизге мүмкүн болушунча окшош номерди тандай аласыз. Бул үчүн жөн гана "Номерди тандоо" кызматын колдонуңуз: издөө тилкесине каалаган айкалышты киргизиңиз, эгер номер бар болсо, ал натыйжаларда пайда болот.

Жеке жана корпоративдик кардарлар SIM-картаны жаңы код менен ала алышат. 880 коду менен башталган номерлерди бардык сатуу жана тейлөө борборлорунан,

фирмалык салондордон жана промоутерлерден сатып алууга болот.
MEGA компаниясы кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү жана сапатты жакшыртуу компаниянын туруктуу артыкчылыктары бойдон кала берерин белгилейт.

Эскертүү: MEGAнын 20 жылдыгын белгилөөнүн алкагында премиум номерлерге берилген арзандатуулар 880 коду менен башталган номерлерге карата колдонулбайт.

MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда!

КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР
 


Тектеш материалды окуу