
Жарыяланган
2026-02-03, 19:21MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү кыргызстандыктар үчүн туугандары жана жакындары менен байланышта болуу, оор жагдайда үй-бүлөсүнүн колдоосу жана маалыматты тез алуу мүмкүнчүлүгү өзгөчө маанилүү экендигин түшүнөт.
Ошондуктан MEGA аталган аймактагы абоненттерине өзгөчө колдоо көрсөтөт. Учурда Бириккен Араб Эмираттарында, Израилде, Кувейтте, Катарда, Бахрейнде, Сауд Арабиясында, Оманда жана Иранда жүргөн, роумингди кошуп алган мекендештерибизге 7 күн бою WhatsApp жана Telegram аркылуу акысыз чалууларды аткаруу жана билдирүүлөрдү жөнөтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Сиздер жакындарыңыздардын үнүн угуп, маанилүү жаңылыктардан кабардар боло аласыздар.
Роуминг кошулбаган абоненттердин MEGA байланыш кызматтарын колдонуусу жана жакындары менен байланышта болуусу үчүн, аларга *153*9# USSD-буйруусу аркылуу кызматты активдештирүү мүмкүнчүлүгү берилет.
Компания аймактагы кырдаалга тынымсыз мониторинг жүргүзүүдө жана абоненттерди колдоо саясатынын алкагында иш алып барууда.
Чет жерде жүргөн ар бир кыргызстандык өзүнө болгон камкордукту жана коопсуздукту сезип, жакындары менен байланыш үзүлбөйт деген ишенимде болуусу − биз үчүн маанилүү.



