
Жарыяланган
2026-08-09, 10:30MegaPay төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн колдонуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү жаңы продуктуну – электрондук капчыкты – сунуштайт.
Жаңы функцияда сервисти баарыбыз көнгөн ыкмада жана ыңгайлуу колдонуу тажрыйбасы сакталды: колдонуучулар мурдагыдай эле кызматтар үчүн төлөй алышат, которууларды жүргүзө алышат жана колдонмонун бардык негизги функцияларын колдоно алышат.
Электрондук капчык телефон балансы жана MEGA ЭЛКАРТ виртуалдык картасы менен бирге дагы бир ыңгайлуу төлөм куралына айланат.
Жаңы продуктунун негизги артыкчылыктары – операцияларынын лимитинин жогорулашы жана мобилдик операторуна карабастан колдонуучулардын кошулуу мүмкүнчүлүгү. Эми КРдин бардык мобилдик операторлорунун абоненттери электрондук капчыкты колдоно алышат.
Лимиттерин жогорулатуу үчүн алыстан идентификациялоодон өткөн колдонуучулар MEGA сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылышы керек.
Электрондук капчыктын ишке киргизилиши – MegaPay'дин өлкө боюнча колдонуучулар үчүн ыңгайлуулукка, жеткиликтүүлүккө жана кеңейтилген мүмкүнчүлүктөргө багытталган заманбап санариптик финансылык кызматтарды өнүктүрүүдөгү кийинки кадамы.
08.01.2020-жылдагы №3028080120 жана №2027080120 жана 23.04.2026-жылдагы №8003230426 КРУБ лиц.



