Akchabarsearch
    Мэр Бишкекте башаламан соода жүргүзө турган жер эмес экенин айтты

    Жарыяланган

    2025-05-06, 17:35

    Мэр Бишкекте башаламан соода жүргүзө турган жер эмес экенин айтты

    Бишкек - башаламан соода жүргүзө турган жер эмес. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди. 

    Жунушалиев Ош базарынын аймагында көчөлөрдү башаламан соодадан тазалоо жана базардын аймагын көрктөндүрүү боюнча көчмө жыйын өткөргөн. Ал базарды кыдырып көрүп, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун коомдук тамактануучу жайларда санитардык-эпидемиологиялык нормаларды камсыздоо боюнча иши начар экенин билдирген. 

    Мэр базардагы соодагерлер менен жолугушуп, алар өз ишин мыйзамдуу негизде жана соода кылуу үчүн бөлүнгөн жерлерде гана жүргүзө аларын белгилеген. 

    "Бүгүнкү күндө өрткө каршы нормаларга жана талаптарга ылайык келтирүү, башаламан соодадан тазалоо жана көрктөндүрүү иштери Бишкек шаарынын бардык базарларында жүргүзүлүүдө. Мыйзам жана белгиленген эрежелер бар, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн аларды так сактоо керек. Бишкек шаары – башаламан соода үчүн жер эмес", - дейт ал.

    Мэрия Муниципалдык инспекция тарабынан Ош базарда мыйзамсыз соода жүргүзүүгө каршы рейддер уланып жатканын билдирди. 

    Ошондой эле калаа башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгин көрүп чыгып, гүлбак уюштуруу үчүн эскиздик долбоорлорду даярдоону тапшырган.  


    Тектеш материалды окуу