Жарыяланган
2025-21-05, 17:07Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти жоюлду. Бул тууралуу шаар бийлиги билдирди.
Маалым болгондой, мэрдин демилгеси менен муниципалдык башкаруу системасын түп-тамырынан бери реформалоо башталды. Мындай ыкма коррупциялык схемаларды толугу менен жоюуга жана шаардык активдер менен иштөөнүн принципиалдуу жаңы системасын түзүүгө багытталган.
Өзгөртүүлөрдүн алкагында кадр саясатын толугу менен кайра карап чыгуу жүргүзүлөт: мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү бардык негизги кызмат орундары жаңы адистер менен алмаштырылат, башкаруучулардын командасы түзүлөт. Өз кезегинде, Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин учурдагы бардык кызматкерлери мэриянын башка кызматтарында ишке орноштурулат.
Мэрдин жеке буйругу менен муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин текшерүүсү жүргүзүлүп, анда муниципалдык мүлктү натыйжасыз пайдалануу, ижара мамилелерин түзүүдөгү көптөгөн мыйзам бузуулар, чечим кабыл алууда ачык-айкындуулуктун жоктугу жана ишкерлерден жана шаар тургундарынан түшкөн даттануулар аныкталган.
Натыйжада муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти жоюлуп, анын функциялары Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына өткөрүлүп берилди.
"Бул чаралар мүлктү эсепке алуунун санариптик системасын киргизүүгө, бардык бүтүмдөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана шаардык активдердин колдонулушуна болгон көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.