Akchabarsearch
    Өзбекстан «ТҮРК-ТРЕЙД» онлайн-аянтчасын түзүүнү сунуштады

    Жарыяланган

    2025-21-05, 17:58

    Өзбекстан «ТҮРК-ТРЕЙД» онлайн-аянтчасын түзүүнү сунуштады

    Венгриядагы Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев соода-сатыкка түрткү берүү үчүн «ТҮРК-ТРЕЙД» онлайн-платформасын түзүүнү жана өз ара сооданы арттыруу боюнча программаны иштеп чыгууну сунуштады.

    Ал логистика маселесин көтөрдү. Мирзиеев Транскаспий маршрутунда жашыл коридор жана "бирдиктүү терезе" системасын киргизүүнү, ошондой эле ноябрда Ташкентте түрк мамлекеттеринин мультимодалдуу транспорт жана логистика боюнча эл аралык форумун өткөрүү сунушун айтты.

    Аны менен бирге инвестициялык кызматташууну активдештирүү – Бирдиктүү инвестициялык порталды ишке киргизүүдөн баштап Биргелешкен венчурдук компания жана өнөр жай кооперация программасын түзүү демилгеси көтөрүлдү. Президенттин айтымында, ал түрк мамлекеттерине туруктуу жана өз ара пайдалуу экономикалык системасаны жолго салууга өбөлгө түзөт. 


    Тектеш материалды окуу