Akchabarsearch
    Беш жылда Кыргызстан менен Мажарстандын соода-сатыгы эки эсе өстү - президент

    Жарыяланган

    2025-21-05, 15:02

    Беш жылда Кыргызстан менен Мажарстандын соода-сатыгы эки эсе өстү - президент

    Акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү эки эсеге өстү. Бул тууралуу Мажарстандын премьер-министри Виктор Орбан менен болгон жолугушууда президент Садыр Жапаров билдирди. 

    Жапаров мажар тарапка Мажар-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 50 миллион долларга чейин көбөйтүү чечими үчүн ыраазычылык билдирип, бул чечим биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы перспективаларды ача турганын айтты. 

    Садыр Жапаров Европа менен Борбор Азиянын ортосундагы транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорго Мажарстандын катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, логистика жана жаңы технологиялар боюнча мажарлардын тажрыйбасына кызыгуусун билдирди.


    Тектеш материалды окуу