
Жарыяланган
2025-28-10, 18:10Бишкек шаарынын мэриясы №22 атайын мектептин аймагында криптовалюта өндүргөн майнинг-ферма иштеп жатканы тууралуу маалыматты четке какты.
Шаар бийлиги мектепте майнинг-ферма жок экенин, ал жакта “Акнет” компаниясынын станциясы ижара келишиминин негизинде иштеп жатканын билдирди. Келишим боюнча компания мектепти акысыз интернет менен камсыз кылат.
Мэрия жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде айыппул каралганын эскертти.



