Жарыяланган
2025-15-07, 09:18Moody’s рейтинг агенттиги Кыргыз Республикасынын кредиттик рейтингине болгон божомолун кайра карап чыгып, аны «Туруктуу» деңгээлден «Позитивдүү» деңгээлге өзгөрттү. Эмитенттин узак мөөнөттүү рейтинги B3 деңгээлинде тастыкталды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин сайтында айтылат.
Moody’s агенттигинин баасына ылайык, бул божомолдун өзгөрүшү өлкөнүн макроэкономикалык жана фискалдык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышын, ошондой эле экономиканын өсүү мүмкүнчүлүгүнүн жогорулашын чагылдырат. Бул негизги реформалардын ишке ашырылышы, экономиканын тармактарын ар тараптуу өнүктүрүү жана инфраструктурага активдүү инвестициялар аркылуу мүмкүн болду.
Айрыкча, мамлекеттик карыз деңгээли 2020-жылы ИДПнын 64%дан 2024-жылы 37%га чейин төмөндөгөнү белгиленип, бул туруктуу өнүгүү үчүн бюджеттик мүмкүнчүлүктүн бар экенин көрсөтөт.
Moody’s мындан тышкары, структуралык реформаларды улантуу, башкаруунун сапатын жакшыртуу жана тышкы таасирлерге болгон аялуулукту азайтуу маанилүү экенин белгиледи. Аналитиктердин айтымында, эффективдүү башкаруу болгон шартта бул келечекте суверендик рейтингдин жогорулашына алып келиши мүмкүн.