Akchabarsearch
Мыйзамдаштырыла турган чет элдик номерлүү унаалардын саны болжол менен 5 миңди түзөт

Жарыяланган

2026-13-07, 14:32

Мыйзамдаштырыла турган чет элдик номерлүү унаалардын саны болжол менен 5 миңди түзөт

Кыргызстанда мыйзамдаштырыла турган чет элдик номерлүү унаалардын саны болжол менен 5 миңди түзөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Унааларды каттоо борборунун унааларды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Таалабай Субаналиев билдирди. 

Анын сөзү боюнча, азыр өлкөдө мыйзамдаштырыла турган чет элдик номерлүү унаалардын саны канча экенин так айтуу кыйын. Маселен, былтыр мыйзамдыштыруу жүргөндө, 15-20 миң унаа мыйзамдаштыруудан өтөт деп болжолдонгон. Бирок алардын саны 30 миңге жеткен.

Быйылкысында мыйзамдаштырыла турган унаалардын саны 5 миңге жетет деп болжолдонууда. Бирок алардын саны канчага жетерин эч ким айта албайт: бир да мамлекеттик органда так сан жок. 

Эскерте кетсек, чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу биринчи ирет 2025-жылы 1-апрелден 1-октябрга чейин жүргөн. Жалпы 30 миңден ашык унаа мыйзамдаштырылып, бюджетке 1.8 млрд сомдон ашык акча түшкөн. 

Бирок былтыр унаасын мыйзамдаштырууга жетишпей калган жарандар дагы бир мүмкүндүк берүүнү суранып, бийлик органдарына кайрылып келишкен. Эми аларга 10-июлдан 1-сентябрга чейин унааларын мыйзамдаштырып алууга дагы бир мүмкүндүк берилүүдө. Бул жолу үлгүрбөй калгандар унааларын мыйзамдаштыра албай калат. 

Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрына чейин алып келинген чет элдик номерлүү унааларды гана мыйзамдаштырууга болот.

Мыйзамдаштыруунун акысы буга чейинкидей эле калат: унаасынын кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубдан ашпагандар 50 миң сомдон, 2 кубдан ашкандары 100 миң сомдон төлөйт. Ошондой эле чет элдик номерлүү электр унаа ээси 50 миң сомду төлөшү керек болот.  


Тектеш материалды окуу