Akchabarsearch
Парламенттин чыгымдарына 980.3 млн сомдон ашык акча кетти

Жарыяланган

2026-13-07, 13:22

Парламенттин чыгымдарына 980.3 млн сомдон ашык акча кетти

2026-жылга карата Жогорку Кеңештин чыгымдарына 1 млрд 871.2 млн сомдой акча каралган. Бул тууралуу “Ачык бюджет” порталында айтылат.

Быйыл январь-июнь айларынын жыйынтыгы менен парламент өз чыгымдарына 980.3 млн сомдон ашык акча кетирген. Акчанын көбү же 838.8 млн сомго жакыны кызматкерлердин айлык акысына сарпталган: мунун ичинде кызматкерлердин маянасы, кошумча төлөмдөр, Соцфондго которулган акча ж.б. бар.

Былтыр жарым жылда парламент 814.7 млн сомдой акча чыгымдаган. Анда жанагыдай эле чыгымдын көбү же 681.4 млн сому кызматкерлердин айлык акысына кеткен. 


Тектеш материалды окуу