Akchabarsearch
Министр: 2008-2010-жылдары Кыргызстан коңшу өлкөлөргө 5 млрд кВт/саат электр энергия сатчу

Жарыяланган

2026-22-04, 12:19

Министр: 2008-2010-жылдары Кыргызстан коңшу өлкөлөргө 5 млрд кВт/саат электр энергия сатчу

2008-2010-жылдары Кыргызстан коңшу өлкөлөргө 5 млрд кВт/саат электр энергия сатчу. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. 

Анын айтымында, 2008-2010-жылдары өлкөдө 15-млрд кВт/саат электр энергия өндүрүлсө, анын 10 миллиарды өлкө ичинде колдонулуп, калган 5 миллиарды Тажикстан, Казакстан, Өзбекстанга сатылчу. 

Мындан беш жыл мурда өлкөдө электр энергия колдонуу жылына 15-16 млрд кВт/саатка жеткен. Ал эми былтыр болсо, Кыргызстанда 20 млрд кВт/саат электр энергия колдонулду. Ибраев электр энергияны керектөө жыл сайын 1 млрд кВт/саатка өсүп жатканын айтты. 

Министр белгилегендей, экономика өсүп, жаңы ишканалар ачылып, жаңы үйлөр, мектеп-бала бакча жана башка объектилер салынган сайын электр энергияны колдонуу да көбөйүп жатат. 
 


Тектеш материалды окуу