
Жарыяланган
2026-19-10, 17:00Азыр жарандар үчүн электр энергияга 3 киловатт деген чектөө жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы комитетинин жыйынында энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Жыйында депутат Сеидбек Атамбаев электр энергия үнөмдөө максатында министрлик 2025-жылы октябрдан баштап 2026-жылдын апрель айына чейин жарандар үчүн 3 киловатт деген чектөө киргизгенин эске салып, "быйыл да чектөө октябрда башталдыбы?" деп сурады.
Энергетика министри азыр жарандар үчүн андай чектөө жок экенин айтты.
Сеидбек Атамбаев жакында эле айылына барып келгенин, үйүнө барып чайнекти күйгүзсө, жарыгы өчүп калганын билдирди. Ага электриктер 3 киловат деген чектөө бар экенин айтышкан.
Алтынбек Рысбеков азыр 3 киловатт деген чектөө жок экенин дагы бир ирет айтты.
Депутат андай чектөө жок болсо жакшы экенин, бирок азыр жарандар кир жуугуч машинасын же жылыткычты иштетсе, жарык өчүп калып жатканына арызданып жатканын билдирди.



