
Жарыяланган
2026-19-10, 17:48Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айылындагы Нефти-Пром – Үч-Мазар – Дөш жолуна алгач ирет асфальт басылып жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, аталган жолдун узундугу 7.3 чакырымды түзөт. Буга чейин ага такыр асфальт басылган эмес.
Азыркы тапта жолдун 6.5 чакырымына асфальт төшөлдү: жолго калыңдыгы 7 см болгон асфальт басылууда, жолдун туурасы 7 метрди түзөт. Калган тилкеде асфальт төшөө иштери уланууда.
Мындан тышкары жолдун бир тарабында туурасы 1.5 метр болгон тротуар салынганы жатат. Азыр ал үчүн жер иштери жүргүзүлүүдө.



