
Жарыяланган
2026-22-04, 10:48Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 10 миңдей жумушчу тартылат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, учурда ГЭСтин курулушун баштоо үчүн даярдык иштери 90-95%га аяктады. Анын алкагында Нарын дарыясынын үстүнөн өткөн 400 метрлик көпүрө салынууда. Аны 15-майга чейин бүткөрүү пландалууда.
Бул долбоордун алкагында Нарын дарыясынын нугуна бийиктиги 260 метр, узундугу 700 метр болгон плотина салынат. Аны салыш үчүн Нарын дарыясынын нугун убактылуу буруп туруш керек болот.
Министр билдиргендей, ГЭСтин курулушуна 10 миңдей жумушчу тартылат.
“Азыркы күндө биздин көптөгөн гидрокуруучулар чет жакта жүрүшөт. Россияда, Тажикстанда иштеп жатышат. Бизде Камбар-Ата-1 ГЭСи башталса, келип иштейбиз деген ниеттерин билдирүүдө”, - деди ал.



