Akchabarsearch
Министрлик 12 жылдык билим берүү боюнча ата-энелердин сынына жооп кайтарды

Жарыяланган

2025-08-12, 15:04

Министрлик 12 жылдык билим берүү боюнча ата-энелердин сынына жооп кайтарды

Агартуу министрлиги 12 жылдык билим берүү боюнча ата-энелердин кайрылуусуна жооп берди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин мектеп окуучусунун ата-энеси12 жылдык окуу системасына киргизилген жаңы программа өтө татаал болуп жатканын айтып, президентке, УКМКнын төрагасына кайрылган.

Министрлик окуу программасы балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келерин билдирди.

“Бардык программалар кенже класстын окуучуларынын психологиясын жана физиологиясын эске алуу менен иштелип чыккан. Окуу материалы акырындык менен жөнөкөйдөн татаалга карай киргизилет.

1-класста ишмердүүлүктүн негизги түрү – оюн, окутуу акырындык менен жүргүзүлөт. 2-класстын программасы балдардын «Наристе» мектепке чейинки даярдоодон өткөндүгүнө негизделген жана 7 жаштагы окуучулардын курагына толук жооп берет. Бул окутуунун түзүмү бала ашыкча жүктөлбөшү үчүн ойлонулган дегенди билдирет”, - деп жазылат маалыматта.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жайкы, күзгү жана окуу жылынын ичинде үзгүлтүксүз уюштурулат.

“Биз жаңыланган программаларга жана 12 жылдык билим берүүгө өтүү балдарга ыңгайлуу, мугалимдерге түшүнүктүү, ал эми ата-энелерге тынч болуусу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөрүнө ишенебиз”, - деп кайрылды министрлик.


Тектеш материалды окуу