Akchabarsearch
    Министрлик Бишкектеги дүкөндөрдө жашылчалардын баасы арзандаганын билдирди

    Жарыяланган

    2025-14-08, 15:12

    Министрлик Бишкектеги дүкөндөрдө жашылчалардын баасы арзандаганын билдирди

    Айыл чарба министрлиги Бишкектеги соода дүкөндөрүндө жашылчалардын баасы арзандаганын билдирди. 

    Министрлик алар жума сайын азык-түлүк товарларынын бааларына байкоо салып турарын белгилеп, 5-августка салыштырмалуу бүгүн, 14-августка карата социалдык маанилүү азык-түлүктүн баалары арзандаганын билдирди. Айрыкча жашылчалардын баасы кескин түшкөн. 

    Негизги азык-түлүктөрдүн бааларындагы өзгөрүүлөр:

    • Сабиз — 49 сом, 15.5%га арзандаган (мурдараак 58 сом болуп жаткан)
    • Пияз — 43 сом, 4.4%га арзандаган (мурдараак 45 сом болуп жаткан)
    • Картошка — 45 сом, 8%га арзандаган (мурдараак 49 сом болуп жаткан)
    • Капуста — 27 сом, 10%га арзандаган (мурдараак 30 сом болуп жаткан)

    Тектеш материалды окуу