
Жарыяланган
2026-16-01, 17:47Маданият министрлиги той-аштарды жөнгө салган жобонун долбоорун иштеп чыкты. Документ учурда коомдук талкууга чыгарылды.
Аталган жобо той-аштардагы ашыкча чыгымдарга бөгөт коюу, коомдогу атаандашууну, социалдык теңсиздикти болтурбоо максатында даярдалган. Бул документ менен үйлөнүү үлпөтү, кыз узатуу, бешик той, тушоо кесүү, сүннөт той, ажы той, умра той, тажыя, аш, жетилик, жылдыктар жөнгө салынат.
Үйлөнүү тойлору эки жаштын жана ата-энелеринин капчыгына жараша карыз же насыя албай өткөрүлүшү керек.
Үйлөнүү той жана башка салтанаттарды өткөрүүдөгү сунуштар:
- коноктордун санын 200дөн ашырбоо;
- тойду бир күндө өткөрүү;
- кошумча чыгымдарды алып келе турган салтанаттарды өткөрбөө;
- чоң (адам саны 350дан ашкан) үлпөт тойлорду өткөрүүгө жол бербөө;
- ашыкча тамак-ашты даярдоого жол бербөө;
- бир бодо мал же жылкы союу.
Ошондой эле:
- улуттук каада-салтка каршы келген иш-чараларды өткөрүүгө болбойт;
- бирөөнү кемсинткен, орой, жөнсүз тамашаларларга, манчыркап байлыгын көрсөткөндөрдү мактоого жол берилбеши керек;
- үчтөн ашык унаа катышкан кортеж уюштурууга болбойт;
- фейерверк жана шан-шөкөттүү программаларды өткөрүүгө жол берилбеши керек;
- кымбат белек берүүгө мажбурлоого болбойт;
- кийит кийгизүү, себет берүү, түштөндүрүү өңдүү салттарга жол берилбеши керек.
Тажыя жана аш өткөрүүдөгү сунуштар:
- тажыя күнү мал сойбоо (келген адамдардын саны чектелбейт);
- жылдык өткөрүү милдеттүү болуп саналбайт, аны өткөрүү ар бир жарандын эрки;
- ашта кой, аны өткөргөндөрдүн каалоосуна жараша жылкы же бир бодо мал союуга жол берилет;
- дасторконду жөнөкөй даярдоо сунушталат;
- тажыядан кийинки жетилик, кырк ашка (ж.б.) муркумдун жакын гана туугандарын чакыруу сунуш кылынат.
- аш өткөрүүнүн ордуна кайрымдуулук кылуу, мечиттерге кайыр-садака берүү же элдин кереги үчүн бир нерсе жасоо сунушталат.
Жергиликтүү бийлик органдары эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.
Чайкана жана тойканалардын ээлери аталган жобону сактоого милдеттүү жана жарандарга ашыкча чыгымдар кеткен кызматтарды таңуулабашы керек.
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн той-салтанаттарды өткөрүүнүн стандарты иштелип чыгат. Алардын жөнөкөйлүгү коомго үлгү болот.
Жобонун талаптарын бузгандарга Укук бузуулар кодексине ылайык айып салынат.



