Akchabarsearch
Министрлик: Жайлоодо багылган бодо малдын 1 кг этинин өздүк наркы 200 сомду түзөт

Жарыяланган

2026-29-09, 12:01

Министрлик: Жайлоодо багылган бодо малдын 1 кг этинин өздүк наркы 200 сомду түзөт

Жайлоодо багылган бодо малдын 1 кг этинин өздүк наркы 230 сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.

Анын айтымында, буга чейин базарларда эт 800-1000 сомдон сатылып жаткан. Бирок жакында өкмөт бодо малдын 1 кг этиниин баасы 770 сомдон кымбат сатылбасын деген чечим чыгарган.

Илич Марсбек уулунун айтымында, аталган бааны коюуда алар бодо малдын этинин өздүк наркын эсептеп чыгышкан. 

Алардын эсеби боюнча, сарайда бордолгон малды багып, жем-чөбүнө кетирген чыгымды эске алганда, анын 1 кг этинин өздүк наркы 600 сом болгон. Ал эми жайлоодо багылган бодо малдын 1 кг этиинин өздүк наркы 200-230 сомду түзгөн.

Ал билдиргендей, азыр базарларга чыгып жаткан эттин басымдуу бөлүгү жайлоодон келген малдын эти. Ошондуктан алардын баасы 770 сомдон кымбат сатылбасын деген чечим чыгарылган. 


Тектеш материалды окуу