2026-жылдын 1-июлуна карата 67 миң 468 балага төрөлгөндө берилүүчү «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү дайындалды. Бул үчүн республикалык бюджеттен 271 млн сом бөлүндү.
Ушул жылдын 1-октябрына карата "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн дээрлик 108 миң бала алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти