Akchabarsearch
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өлкө бюджетине 350 млн сомго турду

Жарыяланган

2026-31-03, 17:15

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өлкө бюджетине 350 млн сомго турду

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу өлкө бюджетине 350 млн сомго турду. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында президенттин Иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов билдирди. 

Аталган өнөктүк быйыл январь айынын ортосунда башталып, бүгүн, 31-мартта аяктоодо. 

Өнөктүк башталгандан бери 378 миң мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүк алмаштырылган. 

Эми 1-апрелден тарта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жылдын аягына чейин медициналык маалымкатсыз алмаштырууга болот. Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун акысы 1 миң 389 сомду түзөт. 
 


Тектеш материалды окуу