Akchabarsearch
    Оштогу төрөт үйүн оңдоого 92,3 млн сом сарпталат

    Жарыяланган

    2025-25-03, 12:53

    Оштогу төрөт үйүн оңдоого 92,3 млн сом сарпталат

    Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы төрөт үйүнүн имаратын капиталдык оңдоого тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланды.

    Имаратты капиталдык оңдоого 92 миллион 328 миң 245 сом пландалган. Оңдоо иштери тараптар келишимге кол койгон күндөн тартып 150 календардык күндөн кечиктирбестен бүткөрүлүшү керектиги көрсөтүлгөн.

    Арыздарды 8-апрелге чейин тапшырса болот.


    Тектеш материалды окуу