Бүгүн, 14-августта Ысык-Көлдөгү VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик жана жеке компанияларынын ортосунда 30дай келишимге кол коюлду. Келишимдердин жалпы сумма дээрлик 270 млн долларды түздү.
Негизги документтер:
- 55 млн доллар – «Кыргызстан Аэропорттору» ААКсы үчүн учактарды сатып алууну каржылоо (РКӨФ, ЕАӨБ, «Элдик Банк», «Кыргызстан Аэропорттору» ААКсы);
- 2.8 млн доллар – Ысык-Көлдөгү «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийине «Эковольт» электр кемесин жеткирүү (РКӨФ, «Элдик Лизинг» ЖЧКсы, санаторий, «Надежные инвестиции» АКсы);
- 20 млн доллар – Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун баалуу кагаздарын Кыргызстандын фондулук рыногуна чыгаруу (РКӨФ, Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматы, Кыргыз фондулук биржасы);
- 10 млн доллар – Локороботтордун өндүрүшүн Кыргызстанда ачуу (РКӨФ, «Кыргыз темир жолу», Өнөр жай технологияларынын илимий-өндүрүштүк борбору);
- «Өнүгүү платформасы» долбоору боюнча кызматташуу келишими (РКӨФ, «Бакай Банк» ААКсы, «РВБ» ЖЧКсы).
- Энергетика, металлургия, айыл чарба, лизинг жана инфраструктура тармактарында бир катар меморандумдарга кол коюлду, анын ичинде кайра жаралуучу энергия жана металл буюмдарын жеткирүү боюнча долбоорлор бар;
- Санарип технологиялар, инженердик билим берүү жана медиаконтент жаатындагы демилгелер — конструктордук бюролорду түзүү, санариптик платформаларды биргелешип иштеп чыгуу жана локороботторду чыгаруу;
- Өндүрүш жана курулуш тармактарына инвестициялар.
Форумдун уюштуруучусу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду болду. Иш-чара Росконгресс фондунун (эл аралык Roscongress International бренди) колдоосу менен өттү.