Akchabarsearch
    Бирдиктүү терезелерде кезекти онлайн брондоо сервиси ишке кирди

    Жарыяланган

    2024-12-11, 17:59

    Бирдиктүү терезелерде кезекти онлайн брондоо сервиси ишке кирди

    Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү терезелерде кезекти онлайн брондоо сервисин ишке киргизди.

    Учурда мындай кызмат Ишкерлерди тейлөө борборунда жана Бишкектин салык органдарында жеткиликтүү. Аны менен колдонуу үчүн Salyk.kg тиркемесине кирүү керек.

    Онлайн брондоо сервиси менен жаран кезекти эртелеп алып, белгиленген мөөнөткө келсе болот. Муну менен күтүү убактысы кыскарып, салык органдарынын тейлөө сапаты жакшырат деп күтүлүүдө.


    Тектеш материалды окуу