Akchabarsearch
Нарын шаарында 21 ички көчөгө асфальт төшөлдү

Жарыяланган

2025-02-09, 11:26

Нарын шаарында 21 ички көчөгө асфальт төшөлдү

Нарын шаарынын ички жолдору асфальтталууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. 

Быйыл шаарда жалпы 39 ички көчөгө асфальт төшөө каралган. Бүгүнкү күндө 21 көчө асфальтталды. Калган көчөлөрдө жолдун негизги катмарын даярдоо жана асфальтка чейинки иштер уланып жатат.

Курулуш иштерин "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын №8 жана №41 жол тейлөө ишканалары жүргүзүүдө. 


Тектеш материалды окуу