Жарыяланган
2025-22-10, 16:27Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында 179 миллион сомго жаңы бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Бала бакча 240 орунга ылайыкталып, жалпы аянты 2619 чарчы метр болгон эки кабаттуу имараттан турат.
Курулуш иштери “Сапат Пром” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жатат.