
Жарыяланган
2026-20-04, 18:00Нарын шаарында China Road and Bridge Corporation in Kyrgyzstan компаниясына айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, аталган компания саркындуу суу түтүктөрүн тартууда курулуш талаптарын сактабагандыгы аныкталган. Ага байланыштуу компанияга 200 миң сом айып салынган.
Ошондой эле компанияга мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилген.



