
Жарыяланган
2026-20-04, 17:40Төө-Ашууда жаңы тоннель салынып, айдоочулар ашууну ашпай калат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүйдүн Сокулук районунда жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп жатып билдирди.
Жапаровдун айтымында, Төө-Ашуу жакта тоонун түбүнөн жаңы тоннель салынат. Анын узундугу 12-13 чакырым болот.
Тоннель курулгандан кийин Бишкек – Ош багыты боюнча каттаган айдоочулар Төө-Ашууну ашпай калат.
Эскерте кетсек, азыр Төө-Ашууда 1962-жылы салынган Кусейин Көлбаев атындагы тоннель бар. Анын узундугу 2.2 чакырымды түзөт. Ашуу 3200 метр бийиктикте жайгашкан.



