
Жарыяланган
2025-29-10, 16:22Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта жарандар өзүнө-өзү насыя алууга тыюу сала алат. Мындай чара шылуундар кимдир бирөөнүн атынан насыя алуусуна бөгөт коюу үчүн киргизилет.
Жарандар электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы (же “Түндүк” тиркемеси) аркылуу өзүнө насыя алууга тыюу сала алат. Бул кызмат – акысыз. Жаран каалаган учурда тыюу салууну алып сала алат.
Ошол эле учурда 1-ноябрдан тарта банктар, микрокредиттик мекемелер насыя берерден мурда жаран кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салганбы же жокпу текшериши керек болот. Эгер тыюу салуу турса, насыя бербеши зарыл. Тыюу салуу бар экенине карабай насыя бере турган болсо, ал келишим жараксыз деп табылат.
"Бирөө-жарым менин атымдан насыя албасын" деген жаран өз каалоосу менен өзүнө кредит алууга тыюу сала алат.


