Жарыяланган
2025-02-06, 13:46Улуттук банк Бишкектеги «Ваш капитал» акча алмаштыруучу жайынын лицензиясын убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
"Байтик Баатыр көчөсү, 8-үй" дарегинде жайгашкан акча алмаштыруучу жай өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузганы үчүн лицензиясы 30-майдан 3-июнга чейин алынган.