Жарыяланган
2025-28-02, 10:15Кечээ, 27-февралда Улуттук банк бир катар банктардагы жетекчилик кызматтарга талапкерлерди жактырды.
Алсак, Фарида Имаралиева "О!Банк" ААКнын Ички аудит башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматына бекитилди.
Муса Жаманбаев "Капитал Банк" ААКтын директорлор кеңешинин курамына кирди.
Евгения Гашикулина "Компаньон Банкы" ЖАКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болду.
Талапкерлерди Улуттук банк тарабынан бекитүү банк секторунун ачыктыгын жана туруктуулугун камсыздоого багытталган милдеттүү жол-жобо болуп саналат.